Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Венесуэла АКШнын жаңы элчисин кабыл албайт


Президент Уго Чавестин жарыясына караганда, ал АКШ президенти Барак Обама Венесуэладагы элчилик кызматка көрсөткөн адамды кабыл албайт. Чавес мындай турумун элчилик кызматка көрсөтүлгөн талапкердин дипломатиялык эрежелерди бузганына байланыштуу деп түшүндүрдү.

Барак Обама тарабынан элчилик кызматка көрсөтүлгөн Ларри Палмер Сенаттан бекүү жараяны учурунда Венесуэла армиясынын моралдык духу төмөн, кесиптик даярдыгы начар экенин, ошондой эле Чавестин өкмөтүнүн колумбиялык козголоңчулар менен байланышы бардыгын айткан эле. Буга чейин Палмердин сөздөрүн Венесуэланын Тышкы иштер министрлиги айыптаган. Венесуэла президентинин элчи боюнча билдирүүсүн Обаманын администрациясы азырынча комментарийлей элек. Уго Чавес АКШнын саясатын такай сынга алып жүрөт.

XS
SM
MD
LG