Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн «Азаттыкка» билдиришти.
23-июль күнү Тажикстандын химиялык заводунан Кыргызстанга багыт алган “Кыргызгеолотехкомплект” ишканасына таандык 40 тонна тоо жардыргыч же болбосо аммонит тартып бараткан унаалар, мекеме өкүлдөрү жана Кыргызстандын ички иштери министрлигинин коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, жалпысынан 11 киши Өзбекстандын Жавагы чек ара бекетинде карамалып, жүк жол жээгинде 10 күнгө жакын кармалып, анан Өзбекстандын ичине киргизилип кеткен. Өзбек тарап жардыргыч заттарды транзиттик каттамда алып өтүүдө алдын ала 10 күн мурда эскертилүүсү керек болчу деген күнөө койгон. Ошондон берки сүйлөшүүлөрдөн натыйжа болбой, азыр эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин эл аралык укуктар боюнча адистери Кадамжай районуна келип, жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. (JsA)