Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Өзбекстан Ислам кыймылы өз лидери мерт болгонун билдирди


Борбор Азиянын эң көп изделген согушкери Тахир Юлдаш өлтүрүлгөндүгү жөнүндө маалыматты жана сакалчан адамдын муну күбөлөндүргөн сүрөттөрүн Өзбекстан ислам кыймылы Интернетке жайгаштырган. Бул тууралуу согушкерлердин ишмердигине мониторинг жүргүзүү менен алектенген америкалык уюм (SITE Intelligence Group) билдирди. Өзбекстан ислам кыймылынын маалыматы башка булактар тарабынан ырастала элек. “Ал-Каида” менен алакасы бар Тахир Юлдаш өлгөндүгү жөнүндө буга чейин да бир нече ирет маалымдалган. Былтыр Пакистандын атайын кызматтары ал ооган чек арасына жакын жерде, АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагы жасаган соккудан каза тапканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG