Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Багдаддагы кол салуудан ондогон адамдар каза тапкандыгы кабарланууда


Жанкечти кол салууну армияга жаңы чакырылгандарды кабыл алуу боюнча борбордо жасаган. Ал өзүн борбордун сыртында чогулуп тургандар арасында жардырып жиберген. Жарылуудан ондогон адамдар каза тапкандан тышкары жүз ондой киши да жаракат алды. Учурда курман болгондордун саны такталууда. Расмий өкүлдөр алардын саны 40тан ашуусу мүмкүн экенин билдирди. Бул - Иракта акыркы апталарда жасалган эң кандуу чабуул. Ушул айдын соңунда Ирактагы америкалык күчтөр аскерий милдеттерди аткарууну аяктоосу керек.

XS
SM
MD
LG