Бүгүн эртең мененки саат жети жарымдарда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында күчү 4,5 балл болгон жер титирөө катталды. Бул маалыматты Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетекчиси Канат Абдракматов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, жердин силкинүүсү Нура айылында үч баллга жетип, жабыркагандар болгон жок.
2008-жылы 5-октябрдын түнүндө күчү сегиз баллдык жер титирөөдөн улам Нура кыштагы бүтүндөй кыйрап, жалпысынан 75 адам каза тапкан эле. (КЕ)
2008-жылы 5-октябрдын түнүндө күчү сегиз баллдык жер титирөөдөн улам Нура кыштагы бүтүндөй кыйрап, жалпысынан 75 адам каза тапкан эле. (КЕ)