Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

“Эл достугу” университетинин жабылышынын К.Батыровго тиешеси жок


Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин маалымат катчысы Албина Дүйшөмбиева “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, аталган окуу жай Кадыржан Батыровго кылмыш иши козголгонго чейин эле текшерилген болчу.

“Лицензия берүү боюнча мамлекеттик инспекциясы бул окуяга чейин эле бир канча университеттерди текшерип, жыйынтыгында 14 окуу жай жабылган. Анын ичинде “Эл достугу” университети да бар болчу. Бул окуу жайларга үч айдын ичинде лицензиялык нормативдик талаптарга ылайык кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилген. Бирок ал аткарылбагандыктан, жабууга туура келди”, - деди А.Дүйшөмбиева.

Университетте окуган айрым студенттер анын жабылышына нааразы пикирлерин билдирип келишет. Мурда белгиленгендей Жалал-Абадда май, июнь айларындагы башаламандыктарга катыштыгы бар деп айыпталып жаткан аталган университеттин ээси Кадыржан Батыровго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG