Өлкөнүн ички коопсуздук боюнча департаментинин маалыматында алардын 130 миңинин кандайдыр бир деңгээлде кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар экени айтылат. Ушул эле мекеменин эсебине караганда, АКШдан чыгарылган чет элдиктердин көпчүлүгү - Мексиканын жарандары. Эсептөөлөргө караганда, азыр АКШнын аймагында расмий катталбаган 11 миллиондон ашуун мигрант бар. Алардын көпчүлүгү Латын Америка өлкөлөрүнөн келгендер.