Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

7-апрель кыймылы HRW уюмунун баяндамасына каршы акциясын улантат


7-апрель кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, алар эртең “HRW уюмунун баяндамасы кабылданбасын” деген ураан менен БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясын өткөрүшөт. Акциянын негизги максаты - бул уюмдун өкүлдөрүн түштүк окуяларын иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын курамына киргизбөө болуп саналат. 17-августта да 7-апрель кыймылы ушундай талаптар менен БУУнун алдына чыгышкан.

16-августта HRW уюму түштүктөгү окуялар боюнча иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыя кылган. Баяндамада өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп, же кокустуктан өзбектерге каршы чабуулдарга аралашып кеткени айтылат. Ошондой эле тартип коргоо органдары өзбек коомчулугун тиешелүү деңгээлде коргоого албаганы белгиленип, өкмөттүн июндагы коогалаңдын астейдил иликтенишине анча кызыкпай жатканын сындаган.(AzK)

XS
SM
MD
LG