Ош жана Жалал-Абад облусунун эки тургуну өз каалоосу менен ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды милицияга тапшырышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылынын тургуну облустук ички иштер башкармалыгына келип, эки огу менен ИЖ-16 мылтыгын тапшырып берген. Ал эми Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, “Калашников” автоматынын 120 огун тапшырып берген. (IJz)