Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:07

Кыргызстанда полиомиелитке каршы эмдөөнүн экинчи этабы башталат

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда беш жашка чейинки жаш балдарды полиомиелитке каршы эмдөөнүн экинчи этабы 23-августан башталат. Эмдөө акысыз өткөрүлөт. Министрликтин башкы адиси Роза Жакыпованын бүгүн маалымат жыйында билдиргени боюнча, эмдөөнүн алкагында ата-энелерге полиомиелит оорусу тууралуу маалыматтар таратылып, медицина кызматкерлерине тренинг сабактары өткөрүлөт. Эмдөөнүн экинчи этабы үчүн 1 млн. 600 доза вакцина сатылып алынды. Эмдөөнүн биринчи этабында 5 жашка чейинки алты жүздөн ашуун бала камтылган.

Маалыматка ылайык, полиомиелитке каршы оозго тамчылатуу аркылуу жүргүзүлчү эмдөө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюм тарабынан колдоого алынган коопсуз эмдөө болуп саналат. Полиомиелит – балдардын шал оорусу, же болбосо борбордук нерв системасын жабыркатчу инфекциялык оору. (КЕ)
XS
SM
MD
LG