Германиянын мурдакы тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер (Frank-Walter Steinmeier) бир бөйрөгүн оорукчан аялына берерин, операциядан калыбына келүүсү үчүн бир нече жума керек болорун билдирди. Буга байланыштуу ал саясый ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Саясатчынын аялынын бөйрөгү оорукчан болгондуктан, акыркы жумаларда саламаттыгы кескин начарлап кеткен.
Франк-Вальтер Штайнмайер 2005-2009-жылдары тышкы иштер министрлигин жетектеген. Учурда социал-демократтардын парламентик фракциясынын лидери.