Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

ICG: «Кыргызстандагы талоон» деген аталыштагы баяндама жарыялады


Баяндамада талоончулуктун кесепеттери тезинен, чыныгы жана ар тараптан каралбаса Кыргызстан дагы бир каргашалуу кыргынга кептелиши мүмкүн экендиги айтылат. Эл аралык кризистик топ Кыргызстандын түштүгүндө зордук-зомбулук күчөп, борбордук өкмөт бул аймакты көзөмөлдөй албай калды деген баасын берет. Ошондой эле аталган уюм кыргыз өкмөтүн май, июнь айларындагы талоончулукту эл аралык иликтөөнү колдоого чакырат. Эл аралык коомчулук болсо кыргыз өкмөтүнө зордук зомбулуктун түпкү тамырына көңүл бурууга жана өлкө жетекчилиги өз бийлигин жоготуу же тааныбоо коркунучунда экендигин эскертип бирге аракеттенүүсү керектиги айтылат.

«Эгер көйгөйгө көнүл бурулбаса дагы бир жарылуу кайсы гана учурда болбосун келип чыгат. Андай нерсе болуп кетсе исламисттик топтор дагы аралашып орус, татар же дунган сыяктуу башка этникалык топтор дагы зордук-зомбулукка кабылышы мүмкүн», дейт Эл аралык топтун Борбор Азия боюнча башчысы Пол Куин Жадж.

Эл аралык кризистик топ жаңжалдардын алдын алуу боюнча иш алып барган бейөкмөт, көз карандысыз уюм. Баш кеңсеси Брюссел шаарында турат.

XS
SM
MD
LG