Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Быйыл Кыргызстанда төрт чакан ГЭС куруу пландалууда

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Кичи жана чакан ГЭСтерди куруу дирекциясынын биринчи орун басары Валерий Диль билдирди. Анын айтымында, ГЭСтерди Ысык-Көл облусундагы Арашан, Жети-Өгүз, Кара-Көл дарыялары, ал эми Чүйдө Сокулук сайына куруу пландалууда. Мындан сырткары дирекция алдыдагы жылдары 18 чакан станция курууну караштырып жатат. Муну менен Кыргызстан 5 млрд. куб метр сууну үнөмдөп кала алат. ГЭСтерди курууга Германия, Малайзия, Италия, Түштүк Корея жана Израилден инвесторлор тартылмакчы. (КЕ)
XS
SM
MD
LG