Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта Кыргызстан электр энергиясынын арзандатылган, социалдык наркын сактап турат. Ал эми чыныгы экономикалык наркы кыйла жогору. Андыктан азыркы бааны эле кармап турганга аракет кылынат, бирок убагы келгенде бул баа дагы кымбатташы мүмкүн.
Ошондой эле ал бүгүн биринчи агрегаты ишке кирген Камбар-Ата 2 ГЭСи бир жылда 500-700 миллион кВт саат электр энергиясын бергенге мүмкүнчүлүгү бар экенин, кубаттуулугу 120 мега ватт болорун, анын мүмкүнчүлүгү эки чакан облусту электр энергиясы менен камсыз кылууга жетерин билдирди. Аталган ГЭСтин биринчи агрегаты иштей баштаганда Токтогул суу сактагычына бир миллиард кубка жакын сууну үнөмдөгөнгө шарт түзүлүүдө. Ал эми бул ГЭСтин кийинки эки агрегаты 2-3 жыл аралыгында ишке киргизилмекчи. (IJz)