Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Президент Махмуд Ахмадинежад кайрадан Израилге айбат кылды


Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад 5-сентябрда Катарга ырасмий сапар менен барды. Ал кабарчылар менен болгон кездешүүдө Израилге ишаара кылып: "Иранга каршы чабуул жөөт мамлекетинин кыйроосуна алып барат" деди. Израил региондогу өзөктүк куралы бар жалгыз мамлекет жана Иранга аскерий сокку уруу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Ырасмий билдирүүгө караганда, президент Ахмадинежад Катардын эмири, Шейх Хамад бин Халифа ал-Танани менен региондогу жагдайды, Палестинадагы кырдаалды талкуулайт. Быйыл мартта Иран-Катар ортосунда уюмдашкан кылмыштуулукка жана мыйзамсыз акчаларды адалдаштырууга каршы күрөшүү жөнүндөгү келишимдерге кол коюлган.

XS
SM
MD
LG