Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Нарын облусунда көмүр тартуу жети пайызды гана түзүүдө


Мындай маалыматтты кышка даярдык боюнча облустук штабдын жетекчиси, губернатордун орун басары Эмил Алымкулов билдирди. Анын айтымында, бул жылы Нарын дубанына жалпы 42 миң 354 тонна көмүр керек болсо, бүгүнкү күндө анын жети пайызы же 2946 тонна көмүр тартылды. Облустагы элдин керектөөсү болсо 22 миң тоннаны түзөт.

Быйыл көмүрдүн баасы жеринде 914 сом болууда. Күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу көмүрдүн тоннасы 1760 сомдон 3000 сомго чейин болот. Алымкуловдун билдиришинче, бюджеттик мекемелер үчүн өкмөт жалпы көмүр тартууга кеткен каражаттын 22% төлөп берген. Апрель окуясынан кийин Кара-Кече кенине байланыштуу маселе кайрадан көтөрүлүп, облусту көмүр менен камсыз кыла турган төрт фирманын экөө гана учурда көмүр казуу иштерин жүргүзүп жатат. Бирок 10-октябрга чейин бюджеттик мекемелерге көмүр толук тартылмакчы. (JI)

XS
SM
MD
LG