Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Бишкектеги синагогада болгон жарылуу иликтенип жатат


УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ (9-сентябрда) Бишкектеги синагогада болгон жарылуу боюнча Улуттук коопсуздук кызматкерлери иш алып барып, тергөө амалдарын жүзөгө ашырууда. Азырынча алар жарылуунун себептери тууралуу эч пикир билдирбестигин айтышты.
Бейшембиде кечки саат алтыларда Бишкекте синагогада жарылуу болгон. Курмандыктар катталган эмес. Синагога Сүйүнбаев жана Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишинин айланасында бир кабат чакан үйдө жайгашкан. Кабарчыбыздын окуя болгон жерден берген маалыматына караганда, жарылуунун күчү чоң болгону байкалбайт, себеби күйгөн жана кыйраган нерселер жок.
Буга чейин быйыл 8-апрелде белгисиз бейбаштар синагогага күйүүчү май куюлган бөтөлкө ыргытканы маалымдалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG