Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Иранда америкалык аял абактан бошотула элек


Иран бийлиги ишембиде бошотулат деген америкалык жаран Сара Шурдду абактан чыгарууну кийинкиге жылдырды. Мындай чечимдин себебин Тегерандын башкы прокурору Аббас Жафари Долатабади абактан чыгаруунун юридикалык жол-жобосу бүтө электигине байланыштырды. Шурдду абактан чыгарууга өтө сак мамиле жасоону президент Ахмадинежад өзү тапшыргандыгын мамлекеттик маалымат каржаттары айтып чыкты.

Сара Шурд менен дагы эки америкалык жаран 2009-жылы Ирак менен чектеш аймакта кармалган. Расмий Тегеран аларды мыйзамсыз өлкөгө кирди жана тыңчылык кылган деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG