Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:10

Израил конуштарга мораторийди узартпайт


Израил өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху Иордан дарыясынын батыш жээгинде конуштарды тургузууга киргизилген мораторий узартылбасын жарыялады. Ошол эле маалда айрым чектөөлөрдү калтыруу каралмакчы. Нетаньяху Жакынкы Чыгыш боюнча эл аралык арачы Тони Блэр менен сүйлөшүүдө белгилегендей, палестиналыктар курулуштарды биротоло токтотууну каалашат. Бирок андай болбойт, - деп кесе айтты жөөт премьери. Нетаньяху жана Палестина лидери Махмуд Аббас ушул айдын он төртүндө жолугушууга тийиш. Конуштар маселеси тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн өзөгүн түзмөкчү.
XS
SM
MD
LG