Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

К.Байболов башкы прокурор болуп дайындалды


Мурдагы Ички иштер министри, генерал-лейтенант Кубатбек Байболов өлкөнүн башкы прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан маалымдашты. Президенттин дагы бир буйругуна ылайык, буга чейин башкы прокурор болуп турган Байтемир Ибраев кызматынан алынды. Буйрукта анын башка кызматка өтүп жаткандыгы көрсөтүлгөн эмес. Түшкө маал К.Байболовду Башкы прокуратуранын кызматкерлерине президенттин администрация башчысы Эмилбек Каптагаев тааныштырды.

Ал эми Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, К.Байболовдун ордуна Ички иштер министри болуп Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев дайындалды. (IJz)

XS
SM
MD
LG