Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Бишкек бийлиги мыйзамсыз жарнамаларды тазалоодо


Бишкек мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык мекемеси саясий партиялардын шаар көчөлөрүндөгү мыйзамсыз чапталган жарнамаларын тазалоодо. Бишкек шаардык жарнама жана маалымат департаментинен билдиришкендей, көчө боюндагы дубалдарга мыйзамсыз чапталган кагаздардан Тынчтык проспектиси, Абдрахманов, Ибраимов, Курманжан Датка көчөлөрү тазаланды.

Маалыматка ылайык, шаар көчөлөрүндө мыйзамсыз чапталган жарнамалар “Айкөл эл” партиясына таандык болууда. Аларды тазалоо иштерине 20 миң сомго чукул каражат сарпталган жана бул чыгымды мыйзам бузган тарапка төлөтүү маселеси коюлмакчы. Мэриядан билдиришкендей, жарнама кагаздарын, кулактандырууларды, үгүт маалыматтарын көчө боюндагы карагайларга, дубалдарга, имарат беттерине, аялдамаларга, бактарга чаптоого тыюу салынат. (IJz)

XS
SM
MD
LG