Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө демонстранттар менен полициянын кагылышуусунан курман болгондордун саны 16 кишиге жетти. Индияга каршы ураан чакырган 10 миңдеген адам көчөлөргө чыгып, өкмөттүк имараттарды өрттөп, полиция станциясын таш бараңга алышкан. Айылдардын биринде христиан миссионерлеринин мектеби өрттөлдү. Нааразылыкка Ирандын мамлекеттик телеканалы тараткан кабар түрткү берди деп болжолдонууда. Флоридалык пастор Куранды өрттөө планынан баш тартканы менен канал башка кишини көргөзүп, ал Куранды жок кылып жатат деп комментариялаган.