Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:49

ЖКК эки өзбек журналистти акыйкат соттоого чакырды


Журналисттерди коргоо комитети Кыргызстанда эки журналисттин сот ишин акыйкат жүргүзүү чакырыгын президент Роза Отунбаевага жолдоду. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан комитет көз карандысыз журналист Улугбек Абдысаломов менен укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үстүнөн сот иштери процедуралык олуттуу эреже бузуулар менен жүрүп жаткандыгы, аларга коюлган айыптоолор боюнча далилдер жок экендигин белгилеп, президентти бул иштерге «жеке кызыгуу» көрсөтүүсүн суранат. «Биздин иликтөөгө ылайык, айыпталгандар этникалык дискриминация жана укук бузуулар тууралуу жазгандыгы үчүн соттолуп жатат» деп айтылат катта.

XS
SM
MD
LG