Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Иерусалимде израил-палестин сүйлөшүүсү уланып жатат


Эки тараптын түз сүйлөшүүсүнө бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон арачы болууда. Кечээ Клинтон Египетте Израилдин өкмөт башчысы Бенжамин Нетаняху жана палестин бийликтеринин президенти Махмуд Аббас менен көздөшкөн. Анда болгон АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча баш өкүлү Жорж Митчел эки жетекчи «башкы маселелер боюнча олуттуу суроолорду» талкуулай баштаганын билдирди. Бирок Батыш Жээктеги жөөт конуштары боюнча жылыш болгону кабарланган жок. Палестиндер бул конуштун курулушуна каршы чыгышкан. Израил курулушту ушул айдын аягына чейин убактылуу токтоткон чечимин узартар-узартпасын айта элек.

XS
SM
MD
LG