Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

АКШлык депутаттар Пакистан элине тилектештигин билдиришти


Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасы табигый кырсыктан жабыркаган Пакистан элине тилектештигин билдирди. Резолюцияда суу каптоодон курман болгон адамдардын жакындарына көңүл айтылат. Мыйзам чыгаруучулар Пакистан АКШнын шериги жана дос өлкө экенин белгилешти. Резолюция ошондой эле гуманитардык жардам берүү үчүн өкмөттүк фондду пайдаланууну колдойт жана америкалыктарды, калган өлкөлөрдү Пакистанга көмөк көрсөтүүнү уланта берүүгө үндөйт. Ак Үйдүн маалыматына караганда, АКШ бул күнгө чейин кырсыктан жабыркагандарга 260 миллион доллар жардам жөнөттү.

XS
SM
MD
LG