Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Россиялык журналисттин өлүмү кайрадан иликтенет


Орус прокуратурасынын тергөө комитети “Новая газета” басылмасынын баяндамачысы, оппозициялык журналист Юрий Щекочихиндин өлүмү боюнча кылмыш ишин кайра ачты. Прокуратура өкүлүнүн маалыматына ылайык, журналист киши колдуу болуп өлгөн болушу мүмкүн. Щекочихин 2003-жылы өлгөн. Расмий версияга ылайык, ал аллергиялык синдромдон көз жумган. Бирок анын кесиптештери буга күмөн саноосун билдирип келишкен. Айрымдар ал коррупция жөнүндө жазып жүргөнүн белгилеп, журналист ууланган болушу ыктымал деп санашат. 2006-жылы ошол эле гезиттин журналисти Анна Политковская ок жеп каза болгон.

XS
SM
MD
LG