Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

10-октябрда 22 чет мамлекетте 44 шайлоо участогу иштейт


Бул тууралуу шайлоо өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтылды. Тышкы иштер министринин статс-катчысы Асеин Исаевдин билдиргенине караганда 1-октябрда даяр болуучу добуш берүү бюллетендерин сырттагы бардык шайлоо участокторуна убагында жеткирүү мүмкүн эмес. “Биз жок дегенде 28-сентябрдан тартып бюллетендерди жеткире баштообуз керек,” деп белгиледи статс-катчы. Ал эми эмгек, калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция министри Айгүл Рыскулова 338 миң шайлоочу жашап-иштеген Орусиянын бардык шаарларына бюллетендерди өз убагында жеткирүү акча-тыйындын тартыштыгынан улам мүмкүн болбой жатканын айтты. Ал Сахалин аймагына Кыргызстандан бир кызматкердин жолкиресине жок дегенде 2 миң доллар сарпталарын айтып, ал эми диаспоралар менен иштешүү жакшылыктуу жемиш бербесин кошумчалады. 1-вице-премьер-министр Амангелди Муралиев өкмөт сыртта жүргөн кыргызстандык мигранттардын шайлоого толук катышуусун камсыздоо үчүн каражат табарын белгиледи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG