Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

М. Иманкулов: А. Аскаровдун курал тууралуу маалыматы менен кабарым жок


Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Базар-Коргондук укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өзбек тектүү адамдар курал алып келип жатышат деген маалыматын көргөн жокмун, аны качан кимге бергенин, кагаз жүзүндөбү, оозекиби, маалыматы менен кабардар эмесмин. Анткени мен ал кезде Москвада элем, азыр деле мага келип жаткан кагаздардан андай маалымат көргөн жокмун. Кечээ Азиза Абдурасулова айткан маалымат боюнча дагы карап көрөбүз, Коопсуздук кеңешинин дагы бир отурумунда муну карайбыз, иликтейбиз,” деди Марат Иманкулов.

Кечээ “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова укук коргоочу Азимжан Аскаров июнь коогалаңынын алдын алууга көмөктөшкөнүн, өзбек тектүү адамдар Базар-Коргондо ресторандын жертөлөсүнө курал-жарак апкелип катып жатышканы тууралуу маалыматты мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго кабарлаганын айтып чыккан. И. Исаков бул боюнча азырынча эч кандай маалымат бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG