Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Шайлоо: Ишенимди сатып алууга болбойт


Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген.

БШКнын маалыматы боюнча, саясий күрөшкө аттанып жатышкан партиялардын шайлоо корлорунун эң алды жыйырма беш миллион сомго чамаласа, арты беш жүз миң сомду түздү. Бирок талдоочулар партиялар үгүт иштерин жүргүзүүгө мындан бир нече эсе көп каражат сарптап жатышкандыгын белгилешүүдө.

Бирок алардын баамында, көпчүлүк каражат шайлоочулардын ишенимин сатып алууга багытталып жатат.

Партиялар эл менен соодалашып жатабы?

Бир катар капчыктуу партиялар үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө мыйзамда көрсөтүлгөн чектен көп каражат жумшап жатышы мүмкүн. Мына ушундай божомолун айткан айрым талдоочулар партиялар шайлоочулардын ишенимин алуу үчүн ири өлчөмдөгү курулай чыгымдарды жумшап жатышкандыгын айтышууда. Буга көңүл ачуучу маданий-спорттук иш чараларды уюштуруу, мал союп коноктоо жана эсепсиз үгүт материалдарын таратуу сыяктуу мисалдар келтирилген.

Талдоочу Тургунбай Алдакулов шайлоочулардын ишенимин алууга акчанын күчүн сынап көрүү аракети дагы деле кайталанып жаткандыгына токтолду:
...сатылып добуш бербегиле. Саагыла, алгыла!Бирок ыйманыңарды сатпагыла. Бул жолу ушул силерди сатып алып, силердин тагдырыңарды каалагандай калчайбыз дегендердин өздөрүн жазалагылачы.
А. Бекназаров

- Айрыкча он чакты партия акчанын күчүнө салып эле иштеп жатышат. Парламентке барыш үчүн акчаны самандай чачкандан тартынбай эле турушат. Мамлекетибиз ушундай оор абалда турганда караңгыда көз таап чыгып кетүүнүнүн жолдорун сунуштоонун ордуна биз акыл-эстүү деп жүргөн саясатчылар соодалашууга өтүп алышты. Алар өздөрүнүн турмушунда калыптанган сатуу жана сатып алуу дегенден башканын баарын унутуп коюшкан шекил. Эптеп эле кайрадан бийликке келиш үчүн, жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн бүгүн алар бардыгына даяр экендиктерин көргөзүп жатышат.

Мына ушундай мыйзамсыз көрүнүштөрдүн массалык түрдө өкүм сүрүп жаткандыгына карабастан азырынча буга байланыштуу бир дагы кылмыш иши козголо элек.

Азимбек Бекназаров
Өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров ушул жумдагы маалымат жыйынында шайлоочуларга аларды сатып алуу аркылуу бийликке келүүнү көздөгөндөрдү өздөрүнүн усулу менен жазалоону сунуштаган:

- Мына учурда бир катар партиялар акчаны ачык эле таратып жатышат. Болжол менен жүз элүү миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат чачылышы күтүлөт ушул бир айдын ичинде. Ошого сатылып добуш бербегиле. Саагыла, алгыла! Ал элдин акысы, силердин чөнтөгүңөрдөн уурдалган акчалар. Ошондуктан бергенин алып койо бергиле. Бирок жүрөктөгү ыйманыңарды сатпагыла. Бул жолу ушул силерди сатып алып, силердин тагдырыңарды каалагандай калчайбыз дегендердин өздөрүн жазалагылачы. Мүмкүн аларга чоң сабак болоттур. Көрсө акча менен бардыгын бүтүрүүгө мүмкүн эмес экендигин түшүнүшөөр.

Ошол эле учурда коомчулукта мындай сунушту колдобогондор да жок эмес. Алар жогорку бийликтин өкүлү минтип айтышын туура көрүшпөйт.

Шайлоо өнөктүгү каяктан каржыланууда?

Мыйзамга ылайык, шайлоо кору партиянын жыйырма миллион сомдон ашпаган өздүк каражатынан жана беш жүз миң сомдун тегерегиндеги талапкердин өзүнүн акчасынан турат. Мындан сырткары анда жеке адамдардын салымы жүз миң, юридикалык жактардын кошумчасы беш жүз миң сомдон ашпоого тийиш. Ошондуктан партиялар чектен ашпоо жана максаты мыйзамга каршы келген иш чаралардын чыгымдарын жашыруу үчүн шайлоо корундагыдан башка каржы булактарын колдонууга кызыктар.

Айнура Абдыкалыкова
БШКнын мүчөсү Айнура Абдыкалыкова мындай мыйзамсыздыктардын бетин ачууга күч жетишпей жаткандыгын белгиледи:

- Азыр шайлоого жыйырма тогуз партия аттанып жатат. Алардын ар биринин артынан түшүп, кимиси кандай иш-чара өткөзүп жаткандыгын тыкыр карап, текшерип турууга үлгүрбөйбүз. Алар шайлоочуларды жолугушууларына чакырып, тамак берип сыйлап, мейманканаларга жаткызып жаткандыгы боюнча атайын маалымат келип, арыз түшсө гана барып карай алабыз. Биз мындай, иш чаранын бардыгы кайсы акчанын эсебинен жүрүп жаткандыгын иликтеп көрүп, мыйзам бузуулар аныкталса гана, ошого карата тиешелүү чара көрө алабыз.

Ошондой эле талдоочулар айрым партиялардын шайлоо өнөктүгү маңзат мафиясынын жана кылмыш дүйнөсүнүн эсебинен каржыланып жатышы мүмкүн экендигин да жокко чыгарышпайт. Бирок алардын каржылоо булактарын аныктоо кыйынчылыктарды жаратаары айтылып келет.

Жыргалбек Касаболотов
Талдоочу Жыргалбек Касаболотов жемекей чиновниктердин жана сырткы күчтөрдүн акчалары да шайлоого киришип жатышы мүмкүн деп чочулайт:

- Мамлекеттик кызматта көп жылдан бери жүрүп, он-он беш миң сом айлык алып, анан эле депутаттыкка кайсы бир партиянын атынан бара калып, кете турган чыгымдын үчтөн бирин өзү көтөрүп жаткан адамдар болуп жатпайбы. Мына ошол каражат кайдан келди, же ишкердик кылбаса деген суроо туулат. Ошондой эле кайсы бир кызыкчылыгы бар сырткы күчтөр кайсы бир партияны каржылашы мүмкүн. Бирок алардын каржылоо жолдорун аныктоо кыйынга турат. Бирок ошондой болсо да, бизде шайлоо өнөктүгүнүн каржылоо агымдарын текшерип, көзөмөлгө алышса жакшы болмок.

Шайлоо кодексинин талабына ылайык, шайлоо өнөктүгүнө кеткен чыгымдардын бардыгы шайлоо корунда көрсөтүлгөн сумманын эсебинен жүргүзүлүшү керек. Добуштарды сатып алуу, же жашырылган каражаттарды кириштөө учурлары аныкталса Борбордук Шайлоо комиссиясы ал партияны шайлоодон четтетиши керек.

XS
SM
MD
LG