Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык төрт уюмдан 91 байкоочуну каттады. Алар КМШ парламенттик ассамблеясы, ЕККУ алдындагы Демократиялык инститтуттар жана Адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ/ОБСЕ), Бразилия элчилиги, эл аралык “Демократия жана шайлоолор” ассоциациясы жана ЕврАзЭШ парламенттер аралык ассамблеянын байкоочулары. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын шайлоо технологиялары бөлүмүнүн башчысы Берик Исаков кабарлады. Мындан сырткары БШК беш партиянын 300гө чукул ишенимдүү өкүлдөрүн каттоого алды.
Эл аралык байкоочуларды каттоо 5-октябрга чейин уланат. (КЕ)
Эл аралык байкоочуларды каттоо 5-октябрга чейин уланат. (КЕ)