Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Казак бекетиндеги зомбулук боюнча иликтөө иштери жүрүүдө


Кыргызстандын тышкы иштер министринин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Казакстандын “Жайсаң” бекетинде катталган окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери, медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Маалыматка караганда, далил катары жабырлануучу кыргыз кыздын шектелип жаткан чек арачынын бөлмөсүндө кармалган убактысын көрсөткөн видео көрсөтүлүп жатат. Кылмышка шектүү делип жаткан Казакстан чек ара кызматынын өкүлү учурда убактылуу кармоо жайында кармалууда. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул окуя боюнча көзөмөл жүргүзүп, тиешелүү иштерди аткарууда.

17-сентябрда Бишкектен Орусияга багыт алган поездди Казакстандын “Жайсаң” бекетинде чек арачылар текшерип жатып, кыргызстандык жүргүнчү кызды түшүрүп калып, иш бөлмөсүндө зордуктап салышканы маалымдалууда. Буга байланыштуу селки менен кошо бараткан мекендештери жолду тороп, поездди беш саат токтотуп, жорукка тиешеси барларды токтоосуз жазалоону талап кылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG