Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Эрика Клаустун он үч кадамы” деген романы жана “Шахидка” даректүү-көркөм повести киргизилген жаңы китеби чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучу өзү кабарлады. Китеп 2 миң нуска менен “Турар” басмаканасында басылып чыккан. К.Акматовдун айтымында, Европадан Кыргызстанга келген ыктыярчы кыздын тагдырын чагылдырган “Эрика Клаустун он үч кадамы” романы орус тилинде жазылып, аны Сабырбек Күрүчбеков которгон. Ал эми “Шахидка” повести - Чеченстандагы белине жардыргыч заттарды байланган кыздар тууралуу. Жазуучунун романы июнь айында Москвада чыккан “Дружба народов” журналына, “Шахидка” ушул эле айда Кырыгзстанда жарык көргөн “Жаңы Ала-Тоо” журналында жарыяланган. Китептин ачылыш аземи парламенттик шайлодон кийин болмокчу. (КЕ)