Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Мурдагы шайлоолордогу мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду


2007-жылдагы парламенттик, 2009-жылдагы президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган фактылар боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Прокуратура өзү жүргүзгөн иликтөөнүн мезгилинде бир катар эреже бузуулардын бети ачылганын билдирди. Анын ичинде, былтыр «23-июлдагы шайлоодо «бир катар шайлоо комиссиялары алдын-ала келишип алып, атайылап шайлоонун жыйынтыгын ал кездеги президент Бакиевдин пайдасына бурмалаган» деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG