Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Орусиянын чек ара башчысы Кыргызстанда жүрөт


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу Федералдык чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Проничев баштаган делегация Кыргызстанга келип, учурда алар Ош шаарында жүрүшөт. Орусиялык делегация Бишкектен Ош шаарына көчүрүлгөн Орусиянын Кыргызстандагы оперативдүү чек ара тобунун иштери менен таанышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Түшкө чейин В.Проничев баштаган делегация Бишкек шаарындагы мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында президент Роза Отунбаева менен жолугушуу өткөрүшкөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG