Билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардагы студенттердин каникулу тууралуу” буйрук чыгарды. Ага ылайык студенттер алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу 6-октябрдан 16-октябрга чейин эс алышат. Аталган министрликтин маалымат кызматы мындай чечим студенттерге өздөрүнүн конституциялык укугунан пайдаланып жашаган жерлеринде каалаган партиясына добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында кабыл алынды, деп билдирди. (EBM)