Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

УКМК: “Кыргыз темир жолунда” мыйзамсыз курулуш иштери жүргөн


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат (УКМК) “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына каршы 6-сентябрда козголгон кылмыш иши тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда аталган ишканада 2008-жылдын июль айынан тартып 2010-жылдын январына чейин мыйзамсыз, тендер өткөрбөй туруп курулуш, оңдоп-түзөө иштери жүргөнү айтылат. Натыйжада өлкө казнасына 30 миллион сомдук чыгыша келген. Буга байланыштуу УКМК “Кыргыз темир жолунунун” башкы инженери В. Тупийди суракка чакырды. Козголгон кылмыш ишине байланыштуу соттук-курулуш-техникалык экспертиза өткөрүү дайындалды. (EBM)

XS
SM
MD
LG