Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

К. Батыровду өткөрүп берүү боюнча Украинага өтүнүч жөнөтүлдү


Кыргызстандын Башкы прокуратурсы Кадыржан Батыровду кылмыш жообуна тартуу үчүн өткөрүп берүү боюнча өтүнүчтү Украинага жөнөттү. Ушундай эле өтүнүч Орусиянын, Казакстандын Башкы прокуратурасына да жолдонду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Буга чейин Интерполдун Кыргызстандагы улуттук башкы бюросу К. Батыров ушул тапта Украинада жүрөт деген маалымат тараткан.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Кыргызстандагы өзбек маданий борборунун башчысы К. Батыровго улут аралык мамилени козуткан, массалык башаламандык уюштурган деген айып коюлган, кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. К. Батыров коюлган айыпты четке кагып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG