АКШнын Исламабаддагы элчиси Энн Пэтрсон Ооганстан менен чек арага жакын жерде аз дегенде эки Пакистан аскери набыт болгон тик учма чабуулу үчүн кечирим сурады. Ага ылайык, биргелешкен тергөө америкалык учкучтар аскерлерди согушкерлер менен алмаштырып алгандыгын аныктады. 30-сентябрдагы бул окуядан кийин Пакистан Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк ташылган чоң жолду жаап салган эле. НАТОнун маалымат катчысы Жеймс Аппатхурай кечээ Ройтерс агенттигине жолдун азырга чейин ачыла электигин белгилеп, бирок бул жол стратегиялык мааниге эмес деген таризде сүйлөдү:
- Жолдун жабылышы ыңгайсыз болуп жатат, бирок ал биздин жүк ташуу иштерибизге стратегиялык залака келтирбейт. Биз Пакистанда түндүктөн, аба аркылуу жана башка жолдор менен да жүк ташыйбыз. Биз ал жолдордун баарын пайдаланып жатабыз. Анын үстүнө, кампаларда керек-жарак жетиштүү камдалган. Бирок жол такыр жабык калбашы керек – анда чындап эле ыңгайсыз болот, ошондуктан, жакын арада бул маселе оңунан чечилет деп үмүттөнөбүз.
Пакистанда аскерлер өлтүрүлгөндөн бери козголоңчулар деп шектелген куралчандар Ооганстанга бараткан НАТОнун авто кербендерине бир нече жолу кол салышты. Анын ичинде кечээ күйүүчү май ташып бараткан 30 чакты машинаны өрттөп, бир айдоочуну атып кетишти.