Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Кыргызстандын өкүлдөрү АКШда ДБ менен ЭВКнын жыйынына катышат


Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашев, Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев жана Улуттук банкынын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева ушул тапта АКШнын борбор шаары Вашингтондо жүрүшөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Экономиканы тескөө министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Кыргызстандан барган делегация жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк банк менен Эларалык валюта корунун башкаруу кеңешинин жолугушуусуна катышат. Аталган жолугушуу 12-октябрга чейин созулмакчы.

Айта кетсек, Дүйнөлүк банктын жогорку органы болгон башкаруу кеңеши каржы министрлерден турат. Ал эми Эл аралык валюта корунун башкаруу кеңеши – корго мүчө бардык өлкөлөрдүн борбордук банктарынын жетекчилеринен куралган. Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын негизги донорлору катары ушул эки ири эл аралык уюм каражат бөлүп келет. (IJz)

XS
SM
MD
LG