Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Ооганстанда барымтадагы британ аял өлтүрүлдү


Америкалык аскерий күчтөрдүн рейди маалында барымтадагы аялды аны кармагандар өлтүргөндүгү маалымдалды. Британ тышкы иштер министри Уиллям Хейг бул маалыматты тастыктап, британ жараны жума күнү өлтүрүлгөндүгүн айтты. 63 жаштагы Линда Норгроув америкалык гуманитардык көмөк көрсөткөн топ менен иштөөчү. Аны менен кошо дагы 3 оогандык кызматкерлер түштүк Ооганстандын Кунар провинициясында эки жума мурда барымтага түшүп калган. Батыш маалымат каражаттары жергиликтүү 3 жаран аман-эсен бошотулгандыгын кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG