Президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарындагы №1150 шайлоо жайында добуш берди. Э.Каптагаев бүгүн өлкө үчүн тарыхый күн болгонун белгилеп, кыйынчылыктарга карабастан толук кандуу парламент кураларына үмүт артты. “Бул дагы бир жолу Кыргызстан парламенттик башкарууга даяр экендигин далилдейт”,-деди администрация башчысы Эмилбек Каптагаев. (ZMa)