Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Кыргызстандагы шайлоону чет өлкөлүк 135 журналист чагылдырууда


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, парламенттик шайлоону кеңири чагылдыруу үчүн АКШ, Орусия, Жапония, Казакстан, Украина өңдүү 62 өлкөнүн маалымат каражаттарынан 135 журналист каттоодон өткөн. Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун айтымында, бул ирет демейдегиден көп чет элдик кабарчылар келген жана соңку кездерде алардын көбү өлкөдөгү окуяларды позитивдүү чагылдырууга аракеттенүүдө.

Парламенттик шайлоо алдында Орусиянын борбордук маалымат каражаттары айрым партияга артыкчылык көрсөтүп, кээ бирлерин каралоого ыктаган көрсөтүүлөрдү берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG