Бул тууралуу ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Коомдук телеканал аркылуу түз эфирде маалымдады. Анын айтуусунда, ушул тапта бир нече миңдеген милиция кызматкерлери менен кошо элдик кошуундардын 16 миңден ашуун мүчөсү өлкөнүн бардык аймактарында коомдук тартипке көз салышууда. Саат 18ден кийин элдик кошуундун кошумча дагы үч миң мүчөсү кошулат. Алар менен кошо милиция кызматкерлери, ички аскерлер кырдаалдын туруктуулугу үчүн кызмат кылышмакчы.
10-октябрь шайлоо күнүнө карата 5-октябрдан бери ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.(ZKo)
10-октябрь шайлоо күнүнө карата 5-октябрдан бери ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.(ZKo)