Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Ошто белгисиз бирөөлөр комиссия мүчөлөрүн коркутушту


«Ар-намыс», БЭК, «Республика» жана «Ак шумкар» саясий партияларынын биргелешип билдирүүсүнө караганда, Ош шаарындагы №5310 шайлоо участогуна белгисиз бирөөлөр кирип келип, айрым шайлоочуларды жакалап, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана байкоочуларды сабайбыз деп коркутушкан. Окуя болгон убакта участокто милиция кызматкерлери болгон эмес, кийинчерээк пайда болгон тартип сакчылары аларга карата эч кандай чара көрүшпөгөн. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана байкоочуларды коркуткан он чакты эргул бул убакта көчөдө турушкан деп билдиришет байкоочулар. Ар-Намыс" партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча белгисиз жигиттердин коркутуп-үркүтүүлөрү түштөн кийин да уланган. Бул тууралуу Ош шаардык шайлоо комиссиясына маалымат берилген.

Ушундай эле коркутуп-үркүтүүлөр Араван районунун Төө-Моюн айлында болгон. «Ак шумкар» партиясынын Аравандагы координаторунун маалыматы боюнча бир нече алибеттүү жигиттер шайлоочуларга кысым көрсөтүп, кайсы партияны шайлоо керектиги тууралуу көрсөтмө берип турушкан.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жамшит Мамытов болсо тишелүү органдар тарабынан азыр бул окуя териштирилип жатканын "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Сабыр Абдумомуновго билдирди. Ал ошондой эле аталган добушканада коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн, ушул жана башка кооптуу делген жерлерде иштеген шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен бардык байкоочулар ишин бүткөндө үйлөрүнө атайын унаалар менен жеткирилээрин кошумчалады. (ZKo; SM)

XS
SM
MD
LG