Британиянын премьер-министри Дэвид Камерун Линда Норгроув АКШ аскерлеринин огунан каза тапкан болушу мүмкүн деп билдирди. Ооганстанда барымтага алынган британиялык гуманитардык кызматкер жума күнү куткаруу операциясы маалында окко учкан. Премьердин айтымында, АКШ контингентинин Ооганстандагы кол башчысы генерал Дэвид Петреус Норгорув америкалык аскерлердин бири ыргыткан гранатанын жарылуусунан набыт кеткен болушу ыктымал деп айткан. Бирок Камерун бул мааалыматтын так эместиги жөнүндө эскертип, тергөө жүргүзүлөөрүн кошумчалады. Буга чейинки маалыматтарга ылайык, 36 жаштагы Норгроув талиптердин бомбасынан каза тапкан.