Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

“Мекен биримдиги” партиясы президентке кайрылды


Кайрылууда партия президент Роза Отунбаева жана Борбордук шайлоо комиссиясынан Адахан Мадумаров башында турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоо жыйынтыгына калыс баа берип, адилеттүү чечим чыгаруу менен бул партиянын жеңишин элге жарыя кылууну өтүнүшкөн. “Мекен биримдиги” партиясынын ишениминде мындай кадам өлкөдө стабилдүүлүктү сактоого өбөлгө болмокчу. “Бүтүн Кыргызстандын” тарапкерлери да ушундай талап менен акыркы эки күндөн бери айрым аймактарда нааразылык акцияларын уюштурууда.

“Бүтүн Кыргызстан” 145 миң 455 шайлоочунун добушун алган. БШК мурда 5 пайыздык босогодон өтүш үчүн партия 142 миңге жакын добушка ээ болуусу керектигин айтса, эми кошумча тизмелерге байланыштуу мындай босого 150 миң добушка жакындап барганын билдирүүдө. (ES)

XS
SM
MD
LG