Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

“Санпадагы” кол салуулар боюнча сот уланууда


Ушул тапта Ноокен райондук сотунун имаратында өтүп аткан Сузак райондук сотунун көчмө жыйынында жабырлануучулардын он чакты жакындары көрсөтмө беришти. Алар негизинен Сузак районундагы “Санпа” пахта тазалоочу заводунун жанында 13-14-июнда ар кыл атуучу, кесүүчү жана сайуучу куралдар менен куралданган миңдей өзбек тектүүлөр чогулганын, алар Ош-Бишкек жолунан өткөн жолоочуларга кол салышканын айтышты. Бир катар күбөлөр айыпталуучуларды таанып, Усмонжан Аблязов баштаган айыпкерлердин кол салууларга катышканын көргөнүн айтышууда. Бул иш боюнча айыпталгандар адам өлтүрүү фактыларына тиешелери жоктугун айтып, коюлган айыптарды четке кагышууда.

Июндагы коогалаң күндөрү Сузак районундагы “Санпа” пахта тазалоочу заводунун жанындагы кол салууларда 16 адам каза таап, экөө белгисиз жоголгон. Ондогон адамдар түрдүү жаракат алышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG