Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Данияр Дунгановдун жакындары пикетке чыгышты


Ушул тапта 30 чакты киши колдоруна “Дунгановго эркиндик” деген жазуулар бар плакаттарды кармап, Республикалык Аскер сотунун алдында акция өткөрүп жатышат. Алар мамлекеттик күзөт кызмат башчысынын орун басары Данияр Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү соттон талап кылышууда. “Күч структуралары” биримдигинин башчысы Арстанбек Дунгановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча нааразылык иш-чарасына апрелден бери Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жаткан мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин жакындары да катышууда. Республикалык Аскер сотунда бүгүн Д. Дунгановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча анын адвокатынын арызы каралып жатат.

Мамлекеттик күзөт кызмат башчысынын орун басары Данияр Дунгановго 7-апрель күнү бийликтин башкаруу режимине каршылыгын билдирип чыккан элге ок аткан деген айып тагылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG