Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Ошто “Бүтүн Кыргызстанды” колдогон митинг уланууда


“Азаттыктын” Оштогу аймактык кабарчысынын билдиришинче, ушул тапта акимиаттын алдында шайлоодогу 5 пайыздык чекти мурунку абалда калтырууну талап кылып жаткан 50дөн ашык киши тарабай турат. Алар эгер талаптарына жооп болбой турган болсо, акимиаттын алдында боз үй тигүү ниеттери бар экенин билдирип жатышат. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясы митингдин катышуучуларына азырынча БШК чечим чыгарганча мындай аракеттерди токтото турууну өтүндү.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери “БШК элдин добушун уурдаба”, “БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тиешелүү мандатын бер” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы 10-октябрдагы шайлоодо 145 миң 455 шайлоочунун добушун алып, БШК тарабынан мурда белгиленген 5% босогодон өткөн. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы негизги жана кошумча тизме деген түшүнүктөр бар экендигин, беш пайыздык тосмону ошол эки тизмени кошкондон кийин гана жетиштүү добуш топтогон партиялар өтөөрүн, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын добуштары ошол тосмого жетпей атканын айтууда. Учурда БШК негизги тизме боюнча жыйынтыктарды жарыялаганы менен кошумча тизмеден кийинки соңку жыйынтыктарды чыгара элек. (ErN/AzK)

XS
SM
MD
LG