Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:39

Түштүктөгү окуу жайларда окуу жылы башталды


Кечээ Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы жогорку окуу жайлары студенттерге эшик ачты. Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, шаардагы окуу жайларда 35,6 миң студент болсо, кечээ сабакка 23 миңден ашууну келди. Июнь коогалаңынан кийин түштүктөгү окуу жайларга тапшырган абитуриенттердин саны кескин кыскарып, студенттердин башка окуу жайларына которулуп кетүүсү күчөгөн. Бир эле Ош мамлекеттик университетинен башка окуу жайларга которулган студенттердин саны 3 миңден ашкан. Студенттердин окуудан баш тартуусуна июнь коогалаңынын кесепеттери жана андан жабыркаган студенттердин окуу үчүн акы төлөй албай калганы себеп болгонун билим берүү жана илим министрлиги мааалымдаган.

Белгилүү болгондой июнь коогалаңына жана парламенттик шайлоого байланыштуу Ош, Жалал-Абат шаарларындагы жогорку окуу жайларда окуу жылы 18-октябрда башталары тууралуу атайын декрет кабыл алынган.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG